ЖЕГДЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жакасы жок, төштөн өйдөрөөк топчуланган карылар кийчү көйнөк. Оодарып кийди жегдесин, Кылычты тартып кынынан («Эл адабияты»). Ал жегде көйнөктүн сыртынан көк чыт чапан кийген, башында төбөлүү тепчиме ак топу, эти качкан субагай жүзүн бырыш баскан (Токтоналиев)